
Нарын шаарында “Ала-Тоо” атылышындагы заманбап талаптарга жооп берген 4500 орундуу стадиондун эскиздик долбоору иштелип чыгып, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, стадионго караштуу аймак 3,6 гектарды ээлейт. Ал жерде кийим алмаштыруучу жана тамактануучу жайлар, жатакана, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн бардык шарттар каралган.
Курулуш иштери толугу менен Курулуш министрлигинин Нарын шаарындагы башкармалыгынын көзөмөлүндө экени айтылды.