Кыргызстандык балбандар Арсен Айылчиев (66 килограмм салмакта) менен Руслан Царев (71 килограмм) Орусияда 18-19-январда грек-рим күрөшү боюнча өтө турган Эл аралык "Гран-При" мелдешине барбай калышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, федерация бул мелдешке балбандарды жибербөөнү туура көрдү. Буга чейин аталган 2 балбандын аты аталып, мелдешке аттанары айтылган.