U-23: Кыргызстан курамасы Сириянын командасынан утулуп калды

Бүгүн, 17-июлда U-23 арасындагы эл аралык футбол мелдешинин алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы менен Сириянын командасы беттешти. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өткөн беттеште Сирия курамасы 1:2 эсебеинде жеңишке жетишти.

Алгач сириялык оюнчулар эсеп санын ачып, бир гол киргизди. Оюндун 68-мүнөтүндө кыргызстандык оюнчу Арсен Шаршенбеков пенальтиден гол киргизип, эсеп санын теңеди. Көп өтпөй Сириянын курамасы дагы гол киргизип, беттеште жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан