Казакстанда күйөөсү аялын өлтүрүп койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Баласаз айылында болгон. Аталган айылдын 32 жаштагы тургуну менен анын күйөөсүнүн ортосундагы жаңжал чыгып, зомбулукка чейин жеткен. Туугандарынын айтымында, ал киши аялын өзгөчө мыкаачылык менен сабаган. Аялын талаада ат менен сүйрөгөнү айтылды.
Медициналык корутундуда бир катар оор жаракаттар көрсөтүлгөн: жабык баш мээнин травмасы, контузия жана мээнин шишиги, баш сөөктүн түбүнүн сынышы, буту-колдун жана жамбаш сөөктөрүнүн көп жолу сынганы, ошондой эле тегиз эмес жерде сүйрөө белгилери.
Жабырлануучу медициналык мекемеге жеткирилген, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Бул факт боюнча "Өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бирок жакындары кылмыштын квалификациясын оор кылмышка өзгөртүүнү талап кылышууда.
Учурда күйөөсү кармалып, камакта. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Маалым болгондой, жубайлардын эки жашар баласы бар.