Өлкө аймактарында 19-20-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет чукул билдирүү таратты.
Маалым болгондой, күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.