Чүйдөгү айылдардын бирине салынуучу спорт аянтчасынын акчасын кымырып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы 5 миллион сом өлчөмүндөгү акча негизсиз түрдө "В" ЖЧКсынын эсебине которулуп кеткен. Ал каражат келишим боюнча айылдардын биринде спорт аянтчасын куруу үчүн бөлүнгөн. Бирок подрядчы катары көрсөтүлгөн "Б" ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери толук аткарылган эмес. Натыйжада мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат мыйзамсыз өздөштүрүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 40 жаштагы А.А. аттуу жаран (подрядчы) кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.