Казакстандын Абай облусунун Жармин районуна караштуу Чарск шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысы рогатка менен өзүнүн кызматкерлерин атып жүргөнү үчүн кызматтан алынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, полиция полковниги имараттын ичинде кызматкерлерин куугунтуктап, рогатка менен аткылаган. Бул көрүнүш байкоо камераларына түшүп калган. Видеодон жетекчи колуна рогатка кармап, бөлүмдүн ичинде кызматкерлерди атып жатканы көрүнөт. Кызматкерлердин реакциясынан улам, аларга тийген ок чын эле оорутканын байкоого болот.
Бул иш коомчулукта катуу талкуу жараткан соң, полковник Ички иштер министрлигинин кызматтык этика нормаларын бузгандыгы үчүн кызматтан бошотулган. Ал мындай кылык-жоругу менен жаш кызматкерлерди "тарбиялап жатам" деп билдирген.