Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеген 96 Кыргыз жараны мекенге келгенден кийин Социалдык фонддон бир жолку төлөмдөрүн алышты. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында айтылат.
Ага ылайык, өлкөдө пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн жалпы 129 жаран кайрылган. Алардан 96сы каралып, бир жолку төлөм төлөндү. Дагы 33 адам чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3642 долларды түздү.