
Кечээ, 17-июлда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри
Эркин Чечейбаев Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү
Эрмат Жумаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда облуска медициналык кызматкерлерди тартуу, дарыгерлердин жетишсиздиги жана инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды. Министр көтөрүлгөн демилгелерди колдоого алып, министрлик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жумаев Талас облусуна келип иштөөгө макул болгон дарыгерлерге ай сайын 40 миң сомдон кошумча акча төлөнүп берилерин да белгиледи. Бул колдоо чарасы аймактык саламаттык сактоо мекемелериндеги кадр маселесин чечүүгө багытталган.
Тараптар мындан ары да саламаттык сактоо системин чыңдоо боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.