Улуттук гвардияда Колбашчынын Кубогуна өтүп жаткан турнир аяктады (фото)

Бүгүн, 18-июлда Улуттук гвардияда Колбашчынын Кубогуна өтүп жаткан турнир аяктады. Турнир Улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгына арналган.

Турнирдин башкы максаты аскер кызматчыларынын ден соолугун чыңдоо, алардын спорттук чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу, дене тарбиялык даярдыктарынын сапатын жакшыртуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана спортту өнүктүрүү болду.

Турнир аскер кызматчыларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгынын айкын далили болду жана катышуучулар жеке чеберчилигин гана эмес, жеңишке умтулуусун да көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери 22-июлда Улуттук гвардиянын күнүнө карата өтө турган салтанаттуу иш-чарада кубок жана дипломдор менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан