Бишкектик спортчулар эл аралык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту(фото)

Астанада каратэ боюнча эл аралык “Kazakhstan Open 2025” турнири өттү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Беларус, Орусия жана Өзбекстандан 600дөн ашык спортчу катышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кыргызстандын улуттук каратэ-до федерациясынын курама командасы тарабынан 40 спортчу, анын ичинде "Олимп" ОРАӨСМ тарбиялануучулары көрсөтүлдү. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 4 алтын, 8 күмүш жана 12 коло медалга ээ болушту.

1-орун (алтын медаль):
- Готовцев Алим (14-15 жаш, 57 килограмм чейин);
- Камилов Алинур (14-15 жаш, 70 килограммдан жогору);
- Даян Деря (16–17 жаш, 66 килограммдан жогору);
- Натальченко Вера (16–17 жаш, 66 килограмм чейин).

2-орун (күмүш медаль):
- Илья Кабелев (16–17 жаш, 76 килограммдан жогору);
- Таирова Амина (18–20 жаш, 50 килограммга чейин жана 18 жаш жана андан улуу, 50 килограммга чейин - эки күмүш медаль);
- Байжигитова Даткайым (16–17 жаш, 66 килограммдан жогору);
- Бейшембаева Нурай (12–13 жаш, 52 килограммдан жогору).

3-орун (коло медаль):
- Акылбек уулу Эрлан (18–20 жаш, 67 килограммга чейин);
- Капаркулов Эржан (18–20 жаш, 67 килограммга чейин);
- Мордвов Артем (14–15 жаш, 70 килограммга чейин);
- Бейшембаев Нуртилек (14–15 жаш, 70 килограммга чейин);
- Эгамбердиева Рукая (14–15 жаш, 61 килограммга чейин);
- Саякбаев Алишер (18 жаш жана андан улуу).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан