Бишкекте 27 жаштагы кыз жолго чыгып, өзүн унаа алдына таштоого аракет кылды (видео)

17-июлда социалдык тармактарда белгисиз жаран жолго чыгып, өзүн машина алдында таштап жиберүүгө аракет кылган видео тараган.

Бул факты Свердлов райондук ИИБдин кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталганын аталган мекемеден бүгүн, 19-июлда билдиришти. Көп өтпөй Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБге 1999-жылы туулган Х.С. жана 1998-жылы туулган М.С. аттуу жарандар жеткирилген. Ошондой эле М.С. мас абалында жол кыймылынын эрежелерин бузуп, айдоочуларга тоскоолдук жараткан.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында материалдар Свердлов райондук ИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Жарандар Х.С. жана М.С.ге карата Бузуулар жөнүндө кодекстин 190-беренеси (Жөө жүргүнчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузушу) боюнча милиция кызматкерлери тарабынан административдик протокол түзүлдү.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан