Сириянын убактылуу президенти өлкөдө ок атышууну токтотуу боюнча билдирүү жасады

Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед Хусейн аш-Шараа өлкө аймагында толук ок атууну токтотуу жөнүндө расмий билдирүү жасады. Бул тууралуу SANA мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Сирия азыр өтө оор, өзгөчө шарттарды башынан кечирип жаткандыгына байланыштуу, кан төгүүнү токтотуу, республиканын биримдигин жана жарандарынын коопсуздугун сактап калуу максатында, ошондой эле улуттук жана гуманитардык жоопкерчиликти эске алуу менен, Сириянын жетекчилиги өлкө боюнча дароо күчүнө кирген жалпы ок атууну токтотууну жарыялайт», - деп айтылат маалыматта.

Сириянын өкмөтү бардык куралдуу тараптарды бул чечимди сөзсүз сактоого, өлкөнүн бардык аймактарында согуштук аракеттерди тез арада токтотууга, жай тургундардын коопсуздугун камсыздоого жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетишине шарт түзүүгө чакырды.

Мындан сырткары, расмий бийлик ок атууну токтотуу режиминин бузулушун өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирүү катары кабыл ала турганын жана мындай учурлар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлө турганын эскертти.

Эске салсак, 13-июлда куралчан топтор Сувейда провинциясындагы бир нече друз айылдарына кол салышкан. Бул аймакты борбор калаа Дамаск менен туташтырган жол жабылган. Жергиликтүү друздар чабуул жасаган топторго каршы чыккан. Сириянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, кагылышууларда 30дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган. Курман болгондордун арасында өкмөттүн 20 аскери да болгон.

15-июлда Израил бийлиги Сувейдадагы друздарга каршы Сирия армиясынын аракеттерине жооп катары сокку урууну буйруган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Исраэль Кац сириялык өкмөттүк күчтөрдүн позицияларына жана аскердик инфраструктурасына дароо аба соккусун жасоого уруксат беришкен.

Друздар – Ливанда, Иорданияда жана Израилде да жашаган диний секта. Сирияда жарандык согушка чейин болжол менен 700 миңдей друз жашап келген, алардын басымдуу бөлүгү Сувейда провинциясында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан