Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чыгыш-5 кичи районунда көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:05те Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн автошаты жана штаб тартылып, саат 11:35те чектөөгө алынды.
Көп кабаттуу үйдөн болжол менен 50 адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 12:02де толук өчүрүлдү. Өрттөн батирдин 20 чарчы метр аянты күйгөн. Жабыркагандар жок.