Түштүк Кореянын мурдагы президенти камакта калтырылды

Түштүк Кореянын соту өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлду камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү Yonhap агенттиги билдирди.

Сеул шаарындагы Борбордук райондук сот адвокаттардын өтүнүчүн карап чыгып, анын негизсиз экенин белгилеп, четке какты.

Юн Сок Ёл буга чейин аскердик абал киргизүүгө аракет кылганы жана башка бир катар айыптар боюнча кармалган. Ага беш негизги кылмыш иши козголгон. 15-январда ага импичмент жарыяланган соң расмий түрдө камакка алынган.

Юн Сок Ёл — Түштүк Корея тарыхында иштеп жаткан учурда камакка алынган алгачкы президент болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан