Кыргызстандык таэквондочу Нурхан Самидинов 19-июлда Германиянын Эссен шаарында өткөн Дүйнөлүк Жайкы Универсиадада коло медаль тагынды.
Ал турнирде австралиялык Хили Сетдини (эсеп 2:0), япониялык Охару Русеяны (2:0) жана Египеттин спортчусу Моатазбеллах Ассем Атта Абусереуну (2:0) жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда америкалык Йонгсок Итан Ган менен беттешип, ага утулуп калып, үчүнчү орунду ээледи.
Самидинов 54 килограмм салмак ченинде турнирге катышты.
Эске салсак, бул мелдешке жалпысынан 30 спортчу катышкан.