Азербайжан президенти Илхам Алиев «Азербайжан аба жолдору» (AZAL) авиакомпаниясына таандык учактын кыйрашына байланыштуу Москвага каршы расмий доо арыз даярдалып жатканын билдирди. Бул тууралуу haqqin.az агенттиги жазды.
Анын айтымында, кырсык болгондон бери жети ай өткөн, бирок Баку Орусиянын расмий өкүлдөрүнөн эч кандай жооп алган эмес.
«Биздин башкы прокурор Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчисине тынымсыз кат жөнөтүп турат. Бирок бардык каттарга бир эле “иликтөө уланып жатат”деген жооп келет», — деди Алиев.
Ал Орусиядан бул окуя боюнча күнөөсүн мойнуна алып, учакты атып түшүргөндөрдү жазалоону, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле AZAL авиакомпаниясына компенсация төлөөнү талап кылды.
Президенттин айтымында, доо арыз эл аралык соттук инстанцияларга жөнөтүлөт, бул тууралуу орусиялык тарапка расмий түрдө эскертүү берилген.
«Биз үчүн баары түшүнүктүү. Эмне болгонун жакшы билебиз жана аны далилдей алабыз», — деди Алиев.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын июль айында Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Араз Азимов да Орусияны күнөөлүүлөрдү аныктоого жана жоопко тартууга чакырып, ачык жана калыс иликтөө жүргүзүүнү, ошондой эле компенсация төлөөнү талап кылган.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 25-декабрында, Бакудан Грозныйга бет алган AZAL авиакомпаниясынын Embraer E190 учагы Казакстандын Актау шаарында кыйраган. Бул окуя украиналык дрондор Кавказ аймагын аткылап жаткан учурда учактын Каспий деңизи аркылуу Казакстанга багытын өзгөрткөн мезгилде болгон. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.