Бүгүн, 21-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруусунда Абдыкадыров көчөсүн облустук суу чарба башкармалыгынан Осмонов көчөсүнө түз чыгаруу боюнча жумушту баштоону тапшырды.
Андан сырткары, Моминов көчөсүндө жаандан улам мындан ары суу ашпоосу үчүн ирригациялык тутумду калыбына келтирүү, суунун нугуна курулуп калган курулуштарды жана үйлөрдү алып салуу маселелерин карап жатат.