Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бүгүн, 21-июлда "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн лидерин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коштоп барган.
Белгилей кетсек, Монголиянын лидери Хурэлсух кечээ, 20-июлда өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген. Ынтымак-Ордодо өтчү президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.