Кыргызстанда 1286 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Кыргызстанда аз камсыз болгон 13 333 үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгуу жана кирешесин жогорулатуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө социалдык келишим алууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар туруктуу чарба жүргүзүү жана өз алдынча киреше алуу үчүн коштоо жана окутуудан өтө алышат.

"Ушул жылдын 1-июлуна карата республика боюнча 1 286 социалдык келишим түзүлүп, үй-бүлөлөр киреше долбоорлорун ишке киргизүү үчүн алынган каражаттарды өздөштүрө башташты",- деп билдирди министрликтен.

Социалдык келишим үй-бүлөлөргө жеке ишкердигин ачууда, көмөкчү чарбаны өнүктүрүүдө, жумуш менен камсыз кылуу үчүн жабдууларды жана шаймандарды сатып алууда колдоо көрсөтүүгө багытталган.

2024-жылдын тартып социалдык келишимдин негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя берүү башталган. 1-июлга карата республика боюнча 149 жаран пайызсыз насыя алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан