Өлкө аймагында акыркы суткада 40 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 47 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 10, Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 11, Ысык-Көл облусу 1, Нарын облусу 1, Баткен облусунда 2 өт кырсыгы болду.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.