9-кызматтын "Калкан" атайын багыттагы командасы “Sharp Blade-2025" снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 18-июлга чейин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында "Sharp Blade-2025" эл аралык снайпердик мелдеши болуп өттү. Мелдешке 25тен ашуун өлкөдөн 55тен ашуун снайпердик команда катышты.
Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыды:
"Татаал күрөштүн жыйынтыгында УКМКнын 9-кызматына караштуу "Калкан" атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи. Команданын катышуучуларынын биринин жеке ийгилиги өзгөчө сыймыктанууну жаратат: 9-кызматтын снайпери Кыргыз атайын күчтөрүнүн кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктоо менен жеке биринчиликте биринчи орунду ээледи",- деп айтылды маалыматта.