Гарвард университетинин окумуштуулары дүйнө жүзү боюнча курулган ири суу сактагычтар Жердин геофизикалык тең салмагын жана магниттик уюлун өзгөртүп жатканын аныкташты. Алардын маалыматына ылайык, бул суу сактагычтар Жердин түндүк магнит уюлун 1 метрге жакын жылдырган. Бул изилдөө "Geophysical Research Letters" журналына жарыяланды.
Изилдөөнү жетектеген жер физикасы боюнча адис Наташа Валенсич жана анын командасы 7 миңге жакын ири суу сактагычтагы суунун топтолушу Жердин айлануу огун жана ички структурасындагы магнит талаасын жараткан борборго карата жылышына себеп болгонун билдиришти. Бул көрүнүш "чыныгы уюлдук жылыш" (true polar wander) деп аталат. Анын маңызы - Жердин ички магнит уюлдары ордунда калганы менен, сырткы катмар (жер кабыгы) ошол уюлга карата ордун өзгөртөт.
Суу сактагычтардын толтурулушу океандардан чоң көлөмдө суунун тартылып калышына алып келип, дүйнөлүк масштабда деңиз деңгээлинин 21 миллиметрге төмөндөшүнө себеп болгон.
Уюлдун багыты өзгөрдү:
"Бул көрүнүш бизди жаңы муз дооруна алып келбейт. Бирок деңиз деңгээлине тийгизген таасири олуттуу. Бардык экосистемага таасир бериши мүмкүн",- деп белгиледи Наташа Валенсич.
Алардын эсеби боюнча, адамзат курган суу сактагычтар дүйнө жүзүндө акыркы 100 жылда болууга тийиш болгон деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн жылына 1.2 миллиметр азайтып, жалпысынан жылдык өсүштүн 25 пайызын кармап турат.
Адистердин айтымында, азыркы тапта адамзаттын аралашуусу магнит уюлдарынын жылышынан тартып, атмосферанын бузулушуна, океан агымдарынын өзгөрүшүнө, жанар тоо активдүүлүгүнө чейин байкалууда.