
Агартуу министрлиги өлкөдөгү мектептерде балдарды 1 – 2-класстарга каттоо ушул жылдын 15-августуна чейин уланарын билдирди.
Республикада жалпы 289 569 орун болсо, катталгандардын саны 171 812ни түздү, ал эми 117 758 (анын ичинен 27 310 жеңилдик категориясы) бош орун бар.
"Ата-энелер бош орун бар мектепти тандап, арыз берип, балдарын каттата алышат",- дешти ведомстводон.