Газа тилкесинде иштеген "Тез жардам" кызматынын айдоочулары Израилдин 21 айдан бери улантылган кол салууларынан улам күчөгөн ачарчылык жана саламаттык сактоо системинин кыйрашына көңүл буруу үчүн бир убакта сиреналарын күйгүзүп, эл аралык коомчулукка жардам чакырыгы менен кайрылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Палестинанын Газа секторундагы Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бул аракет Израилдин жүргүзүп жаткан "геноцидинен" улам тереңдеп кеткен ачарчылык жана саламаттык системинин толук кыйрашына каршы шашылыш эскертүү жана жардам суроону билдирет.
Бул символикалык кадам менен эл аралык коомчулукка адамзаттык апаатка унчукпай турбоого чакырык ташталганын белгилешти.
Газа өкмөтү билдиргендей, Израил 2,4 миллион адам жашаган бул аймакта атайылап ачарчылык саясатын жүргүзүп, 140 күндөн бери бардык чек араларды жаап турат. Бул кырдаал Газаны "жапырт өлүмдүн босогосуна" алып келди.
Өкмөттүк маалымат кеңсеси тараткан билдирүүдө Газадагы гуманитардык абал "өтө оор жана шашылыш" экени баса белгиленип, Израилдин чек араларды жаап коюшу натыйжасында азык-түлүк, дары-дармек, наристелерге арналган азык жана күйүүчү май киргизилбей жатканы, негизги азыктар түгөнүп баратканы айтылды.
Газада 1,1 миллиону балдардан турган 2,4 миллион калк "геноцид, кыргын жана кеңири ачарчылыктын айынан мурда болуп көрбөгөндөй гуманитардык кыйроого" дуушар болууда.
"Дүйнө Газанын ачарчылык жана геноцид аркылуу жок кылынышын эч нерсе кылбастан карап турат",- деп жазылган билдирүүдө. Палестина аймагы "заманбап тарыхтагы эң чоң жапырт кыргын" коркунучуна туш болгону белгиленди.
Израил 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газада кыргын, ачарчылык, кыйроо жана мажбурлап көчүрүүгө негизделген согуш жүргүзүп келет. Эл аралык Адилет сотунун бул чабуулдарды токтотуу тууралуу буйруктары жана чакырыктары эске алынбай келүүдө.
АКШ тарабынан колдоо тапкан бул кыргын жүрүшүндө көбү аялдар жана балдар болгон 199 миңден ашык палестиналык каза болуп же жаракат алып, 9 миңден ашык адам дайынсыз жоголгон. Жүз миңдеген адамдар үйлөрүнөн көчүрүлүп, күчөгөн ачарчылык жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетти.