Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа жолун транспорт министри текшерди 

Бүгүн, 21-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа жолуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Ведомство жетекчиси Сыргабаев курулуш жүрүп жаткан тилкелерди жеринен көзөмөлдөдү. Учурда аталган жолдун 12-17-чакырымдар аралыгында эки катмар асфальт төшөлгөн. Ошондой эле 17-18-жана 27-28-чакырымдар аралыгында асфальттын биринчи катмарын басуу иштери аткарылган.

Мындан тышкары суу түтүктөрүн орнотуу жана асфальт басууга даярдык иштери кызуу уланууда. Кошумчалай кетсек, Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа жолунун узундугу 34 чакырымды түзөт.

21.07
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан