Ысык-Көл милициясы мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү максатында суунун аянтында мыйзамсыз орнотулган эски торлорду аныктоо жана тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Иш-аракеттердин алкагында көлдүн ар кайсы аймактарында масштабдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы узундугу 7800 метрди түзгөн 78 даана мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынган. Бул аракеттер Балыкчы шаарынан баштап, Түп жана Жети-Өгүз райондорунун суу мейкиндигине чейин камтыган.
Аталган иш-чаралар табигый ресурстарды коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туристтик сезон учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында өтүп жатат.
Туристтик-экологиялык милиция бөлүмү мыйзамсыз балык уулоо фактыларына каршы күрөштү мындан ары да күчөтөт жана жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырат.