Ay Yola тобу "Мейкин Азияда" "Хомай" ырын аткарды (видео)

Башкортостандын "Ay Yola" чыгармачыл тобу Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында "Хомай" ырын аткарды.

Белгилей кетсек, аталган топтун "Хомай" ыры коомчулуктун жүрөгүнөн түнөк таап, тез ылдамдыкта белгилүү ырлардын бири боло алган.

Композициянын негизин хомай кушу тууралуу мифтер жана байыркы эпос түзөт. Түрк элдеринин маданий тамыры орток болгондуктан бул ыр казак, кыргыз, өзбек көрүүчүлөрүндө резонанс жараткан.

Айта кетсек, фестиваль 20-июлда старт алган. Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда. Бүгүн аталган сынактын баш байгесин алган казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин катышуусу күтүлүүдө.

22.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан