"Балким, жашап жаткан жери көрүстөн". Ошто жабылган көрүстөндөрдөн 210 гектар жер бошотулду

Бүгүн, 22-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде “Хохлово” көрүстөнүнө барды. Анда калаадагы 15 көрүстөн жабылып, анын бешөө рекультивацияланганын билдирди.

"Рекультивация болгон жерлерди иштетишибиз керек. Бул жер 40 жылдан бери турган көрүстөн. Учурда бул жердин базар баасы 20 миллион долларды түзөт. Бул жерге үй салууга тапшырма берилген. Мусулманчылыкта айтышат, көрүстөндөн үй албайбыз деп. 50,100 жылда баары унутулат. Балким, азыркы жашап жаткан жерибизде мурун көрүстөн болгон. Ошондуктан бошотулган жерлерди иштетишибиз керек",- деди мэр.

Шаарда Озгур, Жапалак, Мажүрүм тал, Акгөр сыяктуу беш мусулман көрүстөнү рекультивацияланып, башка жайга көчүрүлгөн. Алардын жалпы аянты 210 гектарга барабар. Экинчи борбордо жалпы 50 көрүстөн бар.
Оштун мэри көрүстөндөр боюнча айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан