Социалдык тармактарда Бишкекте ысыкта турган милиция кызматкерлерине суу тараткан жарандын видеосу тарады.
Видеонун авторунун айтымында, милиция кызматкерлери Монголиянын президентинин келишин күтүп, кызматта болгон.
"Эшикте 40 градустай ысык. Биздин милиция кызматкерлерибиз Монголиянын президентинин келишин күтүп турушат. Күн аябай ысып кетти. Биздин кызматкерлерге суу берүүнү чечтим",- деген ал.
Ал эми милиционерлер баланын бул жасаган жакшылыгына ыраазычылыгын билдиришти.