Кара-Суу районунда жол тескөөчүлөр ооруп калган кызга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Башкармалык окуя жол кыймылы көзөмөлдөнүп жаткан маалда болгонун белгиледи. Ошол учурда нөөмөттө турган кызматкерлер тез реакция кылып, "Тез жардам" кызматы келгиче жаранды коопсуз түрдө ооруканага жеткирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
Жергиликтүү дарыгерлер жаранга өз убагында медициналык жардам көрсөтүшкөн. Анын абалы учурда канааттандырарлык.
"Жарандар Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн гана эмес, адам өмүрүн сактап калууда да кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирилди", - деп айтылат маалыматта.