Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалынын баш байгесин румыниялык Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды.
Ага 8 миң доллар акчалай сыйлык ыйгарылды.
Айта кетсек, аталган фестиваль 20-июлда старт алган. Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты.