"Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды 

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фетивалынын баш байгесин румыниялык Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды. Ага 8 миң доллар ыйгарылды.

Биринчи орунду мекендешибиз Урмат Сатыбалдиев багындырып, 6 миң долларлык сыйлыкка ээ болду. Ал эми экинчи орунду Беларустун өкүлү Виталий Дроб, мекендешибиз Камир жана орусиялык ырчы Кира Гоголадзе багындырышты.

Үчүнчү орунга Македониядан келген Полина Тасева, түркиялык Едже Аса жана Өзбекстандан келген Тулкан Таджиев ээ болду. Эл аралык калыстар тобу жеңүүчүлөрдү бир нече күндүк тандоо жана аткаруучулардын чеберчилигин баалоо
аркылуу аныкташты.

Айта кетсек, аталган фестиваль 20-июлда старт алган. Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан