Дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды.
Чолпон-Атада өтүп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында ага аталган наамды берүү боюнча президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы окулду.
Димаш өз кезегинде сыйлык үчүн өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын айтып, кыргыз-казак элинин ынтымагынын бекемделишине тилектештигин билдирди.
Казак ырчысы эл аралык сынакка конок катары чакырылган.