Синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенгендер кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну баңги лаборатория уюштуруп, жалпы салмагы 11 килограмм синтетикалык заттарды жасап, сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Ошондой эле чет өлкөдөн баңгизаттарды ташууга шектелип 25 жаштагы жигит да кармалган. Анын ижарага алып жашап жаткан батиринен суюк жана кургак түрүндө жалпысынан 8,8 килограмм баңгизаты, анын ичинде мефедрон, спайс жана аларды өндүрүү үчүн жабдуулар табылган. Мындан тышкары ал дагы 458 грамм баңгизат катылган жерди көрсөтүп берген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн уланууда.