"Бул жерден жылбайсыз". Транспорт министри өзүнүн орун басарына катуу ачууланды (видео)

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын-Баетов унаа жолунун курулуш иштерин жеринен текшерип, иштин жүрүшүн сынга алды.

Ал жолдун салынышына жооптуу кызмат адамдарын жемеге алып, өзүнүн орун басары Талантбек Солтобаевге да ачууланды.

"Жумушту жасай албасаңар кеткиле да, эмнеге жүрөсүңөр? Тогуз айда беш чакырымды бүтүрүш керек болчу. Силер иштей албайсыңар. Үч ай мурун "бир айда бүтүргүлө" деп айткам. Кана эми? Он күн убакыт берем. Эгерде бүтпөсө Талантбек Осмонбекович сизди жоопко тартам. Уктуңузбу? Бул жерден жылбайсыз",- деди ал.

23.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан