Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кызмат учурунда көрсөткөн эрдиги жана кесипкөйлүгү үчүн сыйланышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга "Каармандык" медалдарын Чүй милициясынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов тапшырган. Абдырахманов милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин эрдиктери башка кызматкерлер арасында өрнөк болушу керектигин белгилеген.
Эске салсак, 18-июль күнү кечинде Жайыл районунун Сосновка айылында Toyota Allion үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткен. Ошол учурда Сосновка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Эрмат Сасыков жана Нурлан Бийбосунов унаанын ичинен ата-баланы куткарып калышкан.