Эртең, 24-июлда саат 10:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа бийлиги жарыя таратты.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектешет: Чыңгыз Айтматов проспекти – Ахунбаев –Табалдиев көчөлөрү– Ала-Арча суусу.
"Бишкексууканал" калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырат.