
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын улук тескөөчүсү
П.С. курулуш материалдарын саткан дүкөндү текшерип, ишкерден 200 миң сом пара талап кылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга дүкөндүн ээси кайрылып, кызмат адамы акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген. Улук тескөөчү ишкерге 1 миллион сомго жакын салык төлөшү керек экенин айтып, бирок 200 миң сом үчүн маселени жөнгө салууну убада кылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ишкерден керектүү сумманы алганы аныкталды. Ал эми 22-июлда салыкчы дүкөндүн ээсине 2200 долларды кайтарып берүү учурунда кармалды.
Учурда керектүү тергөө иштери жүрүп жатат.