Nokia компаниясы кайрадан телефон чыгарып башташы мүмкүн 

Nokia компаниясы рынокко кайтып келүүсү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Июлдун ортосунда Nokia өкүлү компания телефондор жана смартфондор сегментинде брендди жандандыруу пландары бар экенин айткан. Nokia бренди менен аппараттарды чыгара турган жаңы өнөктөш издеп жатышканын билдиришкен.

Колдонуучулар менен баарлашуу учурунда компания өкүлдөрү өндүрүүчүлөрдү кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырышты.

Учурда Nokia бренди менен смартфондорду жана телефондорду чыгаруу укугу кытайлык HMD Global компаниясына таандык. Апрель айында ал учурдагы келишим боюнча акыркы аппараттарды тартуулады жана лицензиянын өзүнүн мөөнөтү 2026-жылы бүтөт.

Android Authority белгилегендей, Nokia заманбап аппараттарынын популярдуулугу төмөн бойдон калууда жана бренд Samsung же Apple сыяктуу гиганттар менен олуттуу атаандаша алары күмөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан