Эне жана баланы коргоо борбору оңдоп-түзөөдөн кийин ишин баштады (видео)

Бүгүн, 23-июлда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имараты кайра ишке берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анда имарат заманбап стандарттарга ылайык жаңыланып, бейтаптар, медицина кызматкерлери үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Туманбаев акыркы жылдары бардык аймактарда оорукана, төрөт үйлөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору курулуп, эски имараттар жаңыланып жатканын белгиледи.
"Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен дагы бир чоң салым кошулганы турат. Алгач бул долбоор Ысык-Көлдө курулат деп пландалган, бирок Кыргызстандын президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий сапарынан кийин, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкек шаарында курулмай болду.
Азыркы тапта даярдыктар жүрүп жатат, толук жабдылган, заманбап оорукана болуп калары күтүлүүдө",- деп жазды ал.
23.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан