Өкмөт башчы Касымалиев Алтайга жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-26-июль күндөрү Орусиянын Алтай Республикасына жумуш сапары менен барат.

Өкмөттөн билдиргендей, Касымалиев Тоолуу-Алтай шаарында боло турган эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.

Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация башчылары катышат. Ал жерде туруктуу өнүгүүгө карай жана климаттын өзгөрүшү аттуу темалардын айланасында сөз сүйлөөрү пландалууда.

Ошондой эле, эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар уюштурулат. Анда глобалдык суу балансын сактоо, экологиялык туризм мамлекеттин визиттик картасы сыяктуу темалардын айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан