Блогер Канат Шабданбеков SUPER.KG медиа порталына берген маегинде бала кезинде эле бизнеске жакын болгонун айтып берди.
"Бизнесмен болобу, ырчы болобу, ким болсо дагы ага мыкты команда керек. Аллах Таалам команда жагынан мага ийгилик берген, 6-7 жылдан бери чыгармачылык жаатта жакшы иштеп келе жаткан командам бар. Өзүм бизнеске жакын болчумун, 4-классымда айылдан 25 сомдон алюминий алып, районго барып 50 сомдон сатат элем. Ал эми 6-классымда муз сатчу элем, мындан сырткары бутылка алып саттым, диск да сатып көрдүм.
Бизнес жүрөгүмө жаккан нерсе. 4-5 жылдан бери бизнес менен алек болуп келдим. Кафе ачтык, аныбыз 1 жыл иштеп кайра жабылды, арада банкрот да болдук. Эч бир бизнесмен мындай болбойт болуш керек, анткени биз 4 жыл бир бизнесе акча салдык, бирок аягында болгон жок",- дейт ал.
Каарманыбыз маектин жүрүшүндө жакында эле президентти таң калтырган видеосу, блогерлик жумушу, ошондой эле ата болуу сезимдери менен бөлүшүп, дагы башка кызыктуу темаларга токтолду. Толугу менен Ютуб каналыбыздан көрсөңүз болот.