Бишкек мэриясы калаанын көчөлөрүндө жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизди. Эгер эреже бузуулар катталса, катуу чаралар көрүлөрүн муниципалитеттен эскертишти.
Мындай чектөө ушул жылдын 1-октябрына чейин саат 07:00дөн 21:00гө чейин күчүндө болот.
"Бул мезгилде муниципалдык жолдордо уруксат берилген максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат",- дешти мэриядан.
Убактылуу чектөө төмөнкү унааларга тийиштүү эмес:
Мэрия ысык аба ырайында каттаган оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузган фактылар көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле, шаар тургундары мындай унаалардын түнкүсүн гана жүрүүсүнө уруксат берүү жагын бир нече жолу айтышкан.