Дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында хейтерлер тууралуу дагы айтып өттү.
Ырчы мырза журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, хейтерлерди жакшы көрөрүн белгилеген.
"Негизи мен хейтерлерди жакшы көрөм",- дейт ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда "Мейкин Азия" фестивалында ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган. Сыйлык ага боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.