Бүгүн, 24-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кезектеги таңкы кыдыруусу саат 06:00дөн тарта Ак-Тилек айлампасынан башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мында жашыл аймактын ордуна курулуп калган соода түйүндөрүн алып, эс алуу багын Осмонов көчөсүнө чейин толук жеткирүүнү тапшырды. Ошондой эле жол четиндеги көмүр базаларды жана айланасындагы оор жүк ташуучу унааларды алдыруу, Кайырма каналынын корук аймагын ачтыруу тапшырмаларын берди.