Биз социалдык тармакта

Украина Түркияга ыраазычылык билдирди

Стамбул шаарында Түркиянын ортомчулугу менен өткөн Украина-Орусия-Түркия үч тараптуу сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Украинанын жетекчилери Түркияга ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу ТРТ Хабер басылмасы жазды.

"Түркияга бул платформаны камсыздагандыгы жана жеңилдетүүчү ролу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул - диалог жана тынчтык үчүн абдан маанилүү аянтча",- деди Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров.

Стамбулдагы үч тараптуу жолугушуудан кийин маалымат жыйынында сүйлөгөн украин делегациясы дипломатиялык ыкма менен толук кандуу жана шартсыз ок атышууну токтотууга даяр экенин баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан