Таанышуудан баш тарткан кызды тепкен жаран 15 суткага камалды

Москванын Дорогомиловский соту Киев вокзалынын жанында таанышуудан баш тарткан кызды тээп салган жаранды 15 суткага камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Москва шаарынын Дорогомиловский райондук сотунун чечими менен Андрей Новоселов Орусиянын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20.1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган административдик укук бузууну жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ал 15 суткага камалды",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ал Киев вокзалынын аянтында кыз таанышпайм дегени үчүн кол салган. Буга чейин соцтармакта кыздын видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан