Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолуна ири өлчөмдө таш көчкү түштү

Бүгүн, 24-июлда болжол менен саат 12:00дө Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280-281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. Таш көчкүнүн көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.
Жол убактылуу жабык болгондуктан айдоочуларга башка альтернативдик жол багыттарын пайдалануу сунушталат.
Таш көчкү 24.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан