Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эмне себептен коңшу Өзбекстанда өтпөй калганын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-июлда өткөн маалымат жыйынында айтты.
"Казакстанда көчмөндөр оюндары өткөндө, кийинки жолу биздин өлкөдө өтсө экен деген элек. Анткени биз оюндарыбызды, атмосфераны сагынып калганбыз. Былтыр Өзбекстандан бизге байланышып, "2026-жылы көчмөндөрдү биз өткөрөлү" дешкен. Биз кошуна өлкөбүзгө, биздин бир туугандарыбызга жок деп айткан эмеспиз. Макул болгонбуз. Бирок кийин алар Азия оюндарын өткөрө турган болуп калды. Силер оюндарды сагынып калдыңар деп бир туугандар бизге түшүндүргөндө, дароо эле өзүбүз өткөрөбүз деп сүйлөштүк",- деди Байсалов.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын күз айларында Кыргызстанда өткөрүлөт. Оюндарга даярдык башталды. Анын ачылышы жана жабылышы жаңы "Бишкек-Арена" стадионунда, ал эми оюндар Ысык-Көлдө ипподромдо жана Кырчын жайлоосунда өтөт.